Жаңы жылдык эс алууну 12-январга чейин узартуу сунушу берилди

Бишкек. Архив.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2026-жылдын жаңы жылдык эс алуусун 12-январга чейин узартуу сунушун берди.

Коомдук талкууга чыккан токтом долбооруна ылайык, 8-9-январды да дем алыш күндөрү деп белгилеп, 7-февраль менен 25-апрелдеги дем алыш күндөрүн жумуш күнү деп жарыялоо сунушталды. Ал эми 10-11-январь ишемби жана жекшемби күндөрүнө туура келет.

Министрлик ушул тапта курч респиратордук вирустук инфекция күч алып жатканын, Жаңы жылдан кийин сасык тумоо оорулары дагы көбөйө турганын белгилеген. Андан тышкары январь айынын биринчи эки жумасы кышкы туристтик сезон күчөп турган убакыт болору, эс алууну узартуу чакан жана орто бизнес үчүн кошумча киреше экени жазылган.

Кыргызстандыктар үчүн 1-6-январь күндөрү Жаңы жылдык каникул болот. 7-январда Иса пайгамбардын туулган күнүнө (ред: Рождество) байланыштуу жарандар эс алат. (BTo)

Дагы караңыз

Оштогу “Келечек” базары март айында көчүрүлмөй болду“Манас” театрынын директору кызматынан убактылуу четтетилдиАктивист Айбек Теңизбай 48 саатка камалганы белгилүү болду, бөгөт чарасы 12-декабрда каралат Болгарияда нааразылык акцияларынан кийин премьер-министр кызматтан кеттиНобелдин Тынчтык сыйлыгынын лауреаты Мария Мачадо Ослого жашыруун барды