Дүйнө чемпионатында кыргызстандык мушкер коло тагынды

Ихтияр Нишанов.

Дубайда өтүп жаткан бокс боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык мушкерлер Ихтияр Нишанов коло тагынып, Омар Ливаза финалга чыкты.

71 килограмм салмакта Нишанов жарым финалда казакстандык Абылайхан Жусуповго утулуп, үчүнчү орунга ээ болду. Ал буга чейинки үч атаандашынын экөөнү нокаут менен жеңген.

Ал эми 63,5 килограмм салмактагы мушкер Омар Ливаза финалга чыкты. Ливаза 13-декабрда орусиялык мушкер Илья Попов менен таймашат.

Эл аралык бокс ассоциациясы (IBA) уюштурган дүйнө чемпионатында ири акчалай сыйлыктар коюлган. 1-орунга 300 миң доллар, 2-орунга 150 миң доллар, 3-орунга 75 миң доллар берилет.

Эл аралык Олимпиада комитети 2016-жылга чейин бокстон мелдештерди өткөрүп келген ошол кездеги AIBAны (учурда IBA) Рио-де-Жанейро Олимпиадасында коррупция болгону аныкталгандан кийин Олимп оюндарынан четтеткен. 2020-жылы ассоциациянын жетекчилигине Орусиянын Бокс федерациясынын башчысы, орус президенти Владимир Путинге жакын Умар Кремлев келген. Бул уюмга 100дөн ашык бокс федерациясы мүчө болгон. Уюм өткөргөн мелдештерге АКШ жана айрым Батыш өлкөлөрүнөн спортчулар келбейт.

2023-жылы апрелде World Boxing уюму түзүлгөн. Былтыр күзүндө Кыргызстан ага мүчө болуп кирди. Бирок Эл аралык бокс ассоциациясы (IBA) уюмунан дагы чыккан эмес. Олимпиадага жолдомолор World Boxing уюму өткөргөн мелдештерде берилет. (TSh)

Дагы караңыз

"Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында төлөнбөгөн айып пулдар 250 миң сомдон аштыКыргызстандын тарыхы боюнча 15 томдук китеп иштеп чыгуу сунушталдыБишкекте өзгөчө кыздын колун сындырган психолог алты жылга кесилдиЖаңы шайланган депутаттар 17-декабрда мандат алып, ишке киришет