УКМКнын расмий маалыматы
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 12-декабрда активист Айбек Теңизбайдын кармалышы боюнча маалымат берди. Анда "социалдык тармактардагы улут аралык мүнөздөгү чагымчыл билдирүүлөрдү жазган автор кармалды" деп айтылды. Бирок кайсы улуттун өкүлдөрү тууралуу сөз болуп жатканын тактаган жок.
"УКМК этностор аралык чыр-чатакты алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттердин алкагында социалдык тармактарда белгилүү бир улутка карата жеке кастыгын билдирген провокациялык билдирүүлөрдү системалуу түрдө жарыялаган Т.А.Д. аттуу кыргыз жаранын аныктады. Анын аракети этностор аралык чыр-чатакты козутуучу фактор болуп саналат жана массалык башаламандыкка алып келиши мүмкүн.
Тактап айтканда, козголгон кылмыш ишинин жана чогултулган материалдардын алкагында КР Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматынан эксперттик корутунду алынган, анда Т.А.Д. социалдык тармактарда жарыялаган материалдарда улут аралык кастыкты козутуунун белгилери бар экени аныкталган", - деп билдирди УКМК.
Атайын кызматтын маалыматына караганда, кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси ("Расалык, этникалык, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты (пикир келишпестикти) козутуу) боюнча козголду.
"Билдирүүнүн автору Т.А.Д. УКМКнын тергөө абагына камакка алынып, тиешелүү тергөө иш-чаралары уланууда. УКМК улут аралык кастыкты козутууга чакырган жалган жана провокациялык маалыматтарды тараткандыгы жана жарыялагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын эскертет", - деп кошумчалады атайын кызмат.
"5-6 киши үйгө кирип, тинтүү жүргүзгөн..."
Активист Айбек Теңизбайга Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси ("Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу") менен айып коюлуп, атайын кызматтын Бишкек башкармалыгына 48 саатка камалганы 11-декабрда түштөн кийин белгилүү болгон.
Бул тууралуу анын адвокаты Жаныш Бараков билдирген.
"Кылмыш иши лингвистикалык экспертизанын негизинде козголуптур. Тергөөчү бизге экспертизанын корутундусун таанышууга берди жана таанышып чыктык. Ал жерде Теңизбаевдин Ютубдагы жана социалдык тармактардагы билдирүүлөрү каралып, "кастыкты козутуу белгилери бар" деп белгилениптир. Ошонун негизинде кылмыш иши козголгон", - деген Бараков.
Анын айтымында, Теңизбайдын бөгөт чарасы 12-декабрда Октябрь райондук сотунда каралат.
Теңизбайды белгисиз кишилер кармап кеткени 11-декабрда эртең менен белгилүү болгон. Кийин анын жакындары бул күнү таң эрте Кой-Таштагы Теңизбайдын апасынын үйүнө өздөрүн укук коргоо органдарынын кызматкери деп тааныштырган белгисиз кишилер келип, активистти кармап кеткенин билдиришкен.
Аны кайсы органдын кызматкерлери кармап кеткени белгисиз болуп жаткан.
Кечке жуук активисттин дайыны УКМКдан чыгып, ал мекеменин Бишкек башкармалыгында экени аныкталган.
Эжеси Айгерим эртеден бери маалымат берилбей жатат деп кабатырлыгын маалымдаган. Ал Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Бишкек шаардык башкармалыгынан маалымат алуу үчүн улам келип жатканын айтып берген:
“УКМКнын Бишкек башкармалыгында экени аныкталды. Бирок маалымат бербей жатышат. Мен инимдин абалына сарсанаа боло баштадым. Адвокатты да киргизишкен жок. Апам да кыжалат болуп, кан басымы көтөрүлүп үйдө отурат. Улам бул жакка келип сурап, маалымат бергиле деп жатам, “күтө тургула” деп эле жатышат. Эртең мененки саат 8де алып кетишкен. Азыр 11 саат болуп калды”, - деди ал.
Жакындарынын айтымында, активисттин энесинин үйүндө тинтүү болуп, уюлдук телефон, планшет сыяктуу каражаттарды алып кетишкен.
“Эшикти апасы ачыптыр. Ошондо 5-6 киши үйгө кирип, тинтүү жүргүзгөн. Айбекке тиешелүү телефон, компьютер жана башка каражаттарды алып кетишкен экен. Алар өздөрү кайсы органдан экенин да айтышкан эмес. Кийин кайсы жакта болушу мүмкүн деп издей баштадык. Саат 2лерде Бишкек УКМКсы бул жерде экенин айтышты. Бирок дагы эле жооп жок. Күтүп жатабыз", - деген Айбек Теңизбайдын досу Азис Таалайбек.
Социалдык түйүндөрдүн активдүү колдонуучусу, подкасттардын автору
Айбек Теңизбай социалдык тармактарда бийликтин айрым иштерин сындап, Орусиянын Кыргызстандагы пропагандасына каршы бир нече пост жазган. Андан тышкары өлкөдөгү саясий окуялар тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарына да пикирин активдүү билдирип келет.
Ютуб каналында подкасттарды чыгарып турат. Буга чейин укук коргоочу Рита Карасартова, оппозициячыл саясатчы Адахан Мадумаров, камактагы Темирлан Султанбеков менен маектери жарыяланган.
Камалардан мурдагы кечте ал соцтармактагы баракчаларына Конституциялык соттун өлүм жазасы тууралуу президенттин сунушун кароодон баш тарткан тыянагын колдогон билдирүү калтырган.
Андан мурда Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевдин башкалаанын борборундагы курулуш иштерин, бийликти сындап жазган.
Активист Теңизбай 31 жашта. Президентке караштуу башкаруу академиясында мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багыты боюнча билим алып, магистрдик окуусун Түркияда уланткан. Окууну аяктагандан кийин Түркиянын жогорку окуу жайларына кыргызстандык жаштардын өтүшүнө көмөктөшкөн компания иштеткен. Кийин президенттик аппаратта жана парламентте да эмгектенген.
Шерине