Кыргызстандын тарыхы боюнча 15 томдук китеп иштеп чыгуу сунушталды

Тарых илимин өнүктүрүү боюнча президенттин алдындагы комиссиянын жыйыны. 11-декабрь, 2025-жыл.

Улуттук илимдер академиясында мамлекеттик катчы Арслан Койчиевдин төрагалыгында президенттин алдындагы Тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссиянын жыйыны өттү. Бул тууралуу мамлекет башчынын сайты кабарлады.

Жыйналышта Кыргызстандын тарых илимин өнүктүрүүнүн мамлекеттик концепциясынын долбоору сунушталып, талкууланды. Анда атамекендик тарых илимин мындан ары өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары, максаттары жана механизмдери аныкталган.

Комиссия мүчөлөрү ошондой эле Кыргызстандын тарыхы боюнча 15 томдук жаңы масштабдуу басылманы даярдоо долбоорун талкуулашты. Бул иш өлкөнүн тарыхый өнүгүүсүнүн негизги этаптарын системалуу жана ар тараптуу чагылдырууга багытталып, алдыңкы атамекендик адистерди тартуу менен ишке ашырылары белгиленди.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча эксперттик жумушчу топторго тиешелүү тапшырмалар берилди.

Кыргыз калкынын жана Кыргызстандын тарыхы боюнча маалыматтар кытай, араб, перс, орус жана башка элдердин ар кайсы кылымдардагы булактарында жазылып калган.

Алгачкы кыргыз тарыхчылары Осмоналы Сыдык уулу (“Мухтасар Тарих-и Кыргызия”, Уфа, 1913., “Тарих-и Кыргыз Шадмания”. Уфа, 1914.) менен Белек Солтоноев (“Кызыл кыргыз тарыхы”. 1895-1934-жылдары жазылып, 1993-жылы жарык көргөн) санжыранын негизинде Кыргызстандын баштан-аяк тарыхын жазууга далалат кылган. 1927-жылы Кыргыз АССРинин буйрутмасы менен жарык көргөн Василий Бартольддун “Кыргыздар” очерки Кыргызстандын тарыхын толук баяндаган биринчи илимий эмгек болуп саналат.

1952-жылы “Кыргыз ССРинин тарыхы боюнча очерктер” китебин жана 1956-жылы “Кыргызстан тарыхы” эки томдук китебин авторлор жамааты иштеп чыккан. “Кыргызстан тарыхы” 1963-жылы экинчи ирет басылып, 1967-1968-жылдары “Кыргыз ССРинин тарыхы” аталышында үч томдукка айланган. Жамааттык эмгекти кийин беш томдукка айлантуу пландалып, 1984-1990-жылдары “Кыргыз ССРинин тарыхы” эмгегинин төрт томдугу жарыяланган. СССР тарап кетип, бешинчи том чыкпай калган.

Кыргызстан эгемендик алган соң ар кайсы авторлор өлкө тарыхын толук баяндаган китептерди өз алдынча жазып, чыгарып келишкен. Академиялык басылышты чыгаруу аракеттери көп жылча жемишин берген эмес. 2016-2017-жылдары Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурастар институтунун окумуштууларынан, жогорку окуу жайлардын окутуучуларынан түзүлгөн топ "Кыргызстандын тарыхы" китебинин үч томдугун иштеп чыгышкан. (ErN)

Дагы караңыз

"Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында төлөнбөгөн айып пулдар 250 миң сомдон аштыАлматыда ымыркай саткандарга байланыштуу 20 иш тергелүүдө"Улут аралык кастыкты козуткан эмесмин". Активист Айбек Теңизбай эки айга камакка алындыЗеленский шайлоо өткөрсө болорун, бул үчүн аткылоо токтошу зарыл экенин айтты